super.kg logo

ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар насыяны Кыргыз аудиттери текшере турган түз норма жок

 

"ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллар насыяны Кыргыз аудиттери текшере турган түз норма жок", - деди Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште ЖЭБдеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында айтты. Депутат Мыктыбек Абдылдаев буга чейин эл аралык келишимдерди териштирүүдө маселе жаралганын жүйө келтирип, бул долбоорду кыргыз аудиттери териштирүүгө мүмкүнчүлүгү жетишине күмөнүн айтты.

"Ал жерде Кыргыз тараптын эсептөө палатасын киргизбейт. Бул жогорку Нарын каскадындай эле Кыргыз тараптын аудиттери кире алабы? Нарын каскадын текшергенде Орусиянын эле аудиттери кирген. Анткени келишимде ошондой норма бар болчу. Бишкек ЖЭБдин курулушу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Эксим Банк", "ТВЕА" менен эки келишим бар. Ошол жерде эки келишимде бар бекен, Кытай тарапты аудит кыла алабызбы?” - деп суроо салды Абдылдаев. Рыскулов ага жооп кылып "келишимде түз нормада жазылган эмес", - деди.

Мыктыбек Абдылдаев бул келишимде өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген учурлар көп экенин айтты.

"Акчаны кытай тарап өздөрү карап, эсептеп техникалык жабдыктарды сатып алып жиберип турган. Ал жабдыктар бажы салыктарынан да бошотулган. Ушундай келишимге Каржы министрлиги кол коюп жатат? Кана бул жерде Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы? Бул жерде "ТВЕАнын" кызыкчылыгы каралгандай болуп жатат. Бул ЖЭБ боюнча маселе башында эле туура эмес башталган.

Кредиттик макулдашууда эл аралык норма бар. Биздин коопсуздук комитети бул иштин аягына кантип чыгарат? Чыгара албайт, мүмкүнчүлүгү жок. Жаңы Конституция, мыйзам менен саясий укук коргоо органдарынын укуктарынын баарын кыскартып салганбыз. Баарын АКС кызматына бергенбиз. Алар облустан алыс чыга албайт. Кытайга барыш үчүн эки өлкөнүн башкы прокурорлору сүйлөшүш керек. Кытайга суроо түшөрү менен ал жактын прокуратурасы дароо банкты да "ТВЕАны" да текшере баштайт. Алардын мыйзамын билебиз, атат же камайт", - деди Абдылдаев.

Ал эми Башкы прокурордун орун басары бул келишимде тоскоолдук жаратуучу норма жок экенин айтып, териштирүүнү аягына чыгарууга болгон мүмкүнчүлүктөр жумшаларын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.02.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу бийликтегилер жеп тойбойт экенда а...
16.02.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ашгабак баш сабатсыздар элди тоноп буттунорго
16.02.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
КРда сабаттуу юристтер барбы?
16.02.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эмне деген мамлекетбиз. Бир ишкананы текшере албайбыз болгондо да мамлекеттик
16.02.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Юристтер сабаттуу бар. Аларды сабатсыз акчалуу и тааныштары чон юристтер кызматкерлери жакындаштырышбайт. Жогорку кенешке да кабыл алышпай коюшкан сабаттуу юрист кирип кенеш берейин десе. Чычалашып...
Дарыгер түзөттү 2018-02-16 17:27:11
16.02.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ЖЭБде коррупция бар экендигин депутаттар негизги оңдолгон жерине журналисттерди киргизбей өздөрү кирип кеткендиги менен күмөн санатат. Коррупцияга бийликтин да тиешеси бардай. 20000 айып пул салуу жөнүндө мыйзам чыкканча айтып алалы жүрөктүн түпкүрүндөгү сөздөрдү. Мыйзам чыкса биринчи акчаны дайындап коюп анан айта беребиз;)
16.02.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо бир депутат "ошол кредит Кыргыз-га акчалай келди беле, же туз эле жабдыктар келди беле" деп сураганда, бизге акчалай келип тушкон деп жооп берип жатышты эле. Эми башкача айта башташкан го.
16.02.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген бечел мамлекетбиз? Нарын каскаддарын курабыз деген орус аферистери менен эптеп договорду туура тузо албагандар эмнеге камалбай журушот? 38 млн долларды Россия жеп кетти, ишти оздору кылаалбайбыз деп токтотушкан, договорду ким бузса ошол толошу керек болчу.ЭмиТЭЦти текшере албасанар элге айткыла митинн кылып текшерет эл байкуш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: