super.kg logo
  Саясат  

Ош. “2010-жылкы Июнь каргашасындай окуялар мындан ары кайталанбасын” дешет тургундар

 
Ош шаарынын тургуну Розагүл Касымова
Ош шаарынын жашоочусу Тиленбай Маматбеков "азыр шаардагы эки элдин ынтымагы жакшы" дейт
Ош шаарынын тургундары мындан 3 жыл мурун болгон Июнь каргашасы мындан ары кайталанбаса экен деген тилекте. Анар кичи районунун тургуну Розагүл Касымова учурда жергиликтүү бийлик тарабынан жабырлануучуларга жардам берилгенин, эки улут ынтымактуу жашап жатканын айтат.

"Адамдар эч качан бири-бирин жоготпосун, мындай окуя башка кайталанбасын. Чогуу жашап жатабыз, баарыбыз доспуз, өткөн окуялар эстен чыгып жатат",- дейт ал.

Ал эмиТиленбай Маматбеков аттуу шаар тургуну буларды айтты:

“Азыр элдин маанайы жакшы,  мурдагыдай сен өзбек, мен кыргыз демей жок. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Урушкан жаштарды жараштырабыз, кыргызы да, өзбеги да кимдин ким экенин билди”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: