super.kg logo

Депутаттар Бишкек ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишимге кол койгон ошол кездеги өкмөт башчы, тийиштүү министрлер менен сүйлөшөт

 

Депутаттар Бишкек ЖЭБге жумшалган 386 миллион долларлык келишимге кол койгон ошол кездеги өкмөт башчыны, тийиштүү министрлерди чакырып сурайт. Мындай сунушту бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештеги ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Данияр Аттокуров демилгеледи.

"Баары так болушу үчүн ошол кездеги өкмөт башчыны, энергетика министрлигин чакырбайлыбы? Комиссиянын иши да туура эмес баратабы? Анткени баары эле толук канааттана турган жоопту бербей жатат. Ошол келишимге ким кол койгон, кимдер долбоор түзгөн? Ошолорду чакырып тагыраак маалымат алсак", - деди Аттокуров.

Ал эми депутаттык комиссиянын жыйынына төрагалык кылып жаткан Улан Примов бул сунуш эске алына тургандыгын билдирди. Маалыматтарга караганда, ЖЭБ боюнча келишим түзүлгөн учурда өкмөттү Өмүрбек Бабанов, Энергетика министрлигин учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев жетектеген.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан - Исхак Масалиев;

КСДП фракциясынан - Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ким куноолуу экенин жонокой элда билип турат. Куноолуу адамдарды жоопко тартууга чакыра албасанар анда элден жерден айланып эле кеткиле. Депуттатык коммиссиянын колунан б.. келбейт деген соз канчалык экенин корсоткуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: