super.kg logo

Башкы прокуратура: "Бишкек ЖЭБдеги абал боюнча күнөөлүүлөрдүн атын атоо азыр эрте"

 

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдүн атын атоого даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештеги ЖЭБдеги кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди. Ага чейин депутат Сайдулла Нышанов күнөөлүүлөрдү аныктоонун жыйынтыгына кызыккан болчу.

“Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Бул ири көлөмдөгү жумуш. Биз азыр күнөөлүү адамдын атын атоого жете элекпиз. Тергөөнүн жыйынтыгында шектүү такталат, анын күнөөсүн сот аныктайт”, - деди Дүйшөмбиев.

Буга чейин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы кийинки жумада Бишкек ЖЭБдеги аварияга тиешелүү адамдардын аты-жөнүн жарыялай турганын айткан болчу.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгуу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев;

"Бир Бол" фракциясынан - Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан - Сайдулла Нышанов;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан - Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев;

"Кыргызстан" фракциясынан - Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.02.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эрте, эртең кеч болуп калат. Күнөөлүүлөр менен соодалашкыла...
16.02.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эрте, кийин кеч (эскирди) дешет.Канча чуулгандуу иштер болду, бир да жолу аттарды аташкан эмес.
16.02.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа эң туура азыр атабай тургула бере турган акчасын даярдасын же Кыргызстандан чыгып кетсин.
16.02.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нн-дааа,от жаккыч,жонокой жумушчулардын фамилиясын чыгарат ушулар экен куноолуу деп.
16.02.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар суйлошуп туруп кароолчуга жуктоп койгула да, ошол жеп алыптыр деп.
16.02.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы күнөөлүүлөрдүн атын бул 6 жыл ичинде бирөөңда айта албайсыңар 386 милион туура эле жумшалган кызматчылар шалаакылык кылган деп чечим чыгарасыңар аныңар белгилүү эле
16.02.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч нерсе чече албаган комиссиянын тизмесин кайра кайра неге жазып атышат дейм да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: