super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ФЕВРАЛЬ: "Жыл сайын туулган күнүмдү ашканада тосчумун. Быйыл жаратылыш коюнунда тостум" дейт актриса Таалайкан Абазова

 

Бүгүн, 16-февралда "Апамдын махабаты", "Свет аке", "Айыл өкмөтү" тасмаларындагы ролу менен таанылган актриса Таалайкан Абазова 47 жашка толгондугун белгилеп жатат. Туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда:

"Быйыл туулган күнүмдү адаттагыдан өзгөчө белгилеп жатам. Жыл сайын жакын туугандарым, санаалаштарым туулган күнүм менен куттуктап үйгө келишчү. Меймандарды узатып коюп, ашканада идиш жууп эле жүрчүмүн. Бул ирет туулган күнүмдө ашканада эмес, көгүлтүр көл жээгинде болдум. Жолдошум Ысык-Көлгө 10 күндүк жолдомо белек кылды. Менин эс алууга кете турганымды билген туугандарыбыз бир күн мурда куттуктап кетишти. Азыр көл жээктеп бассам, бирде тоо коюнуна сейилдөөгө чыгып жатам. Балдарымды болсо кайненем карап калды", - деп SUPER KG порталына кубанычы менен бөлүштү.

Актриса 1971-жылы 16-февралда Токтогул районунун Торкен айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын үчүнчүсү, ырчы Нуриса Абазованын эжеси. Мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов менен 1995-жылы үйлөнүшкөн. Учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.02.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриза Абазованын эжесиби же сиңдисиби?
17.02.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
demo009,Эжеси деп ак -кара болуп жазылып туратко, эмнени окудун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: