super.kg logo
  Саясат  

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Боркоев кызматынан бошотулду

 

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, буйрукка 6-февралда кол коюлган. Ал эми учурда анын ордуна эч ким дайындала элек.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБинде авариялык кырдаалдан улам Бердибек Боркоевдин жана ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматтарына дал келүүсү боюнча маселени карап чыгуусун сунуштоо чечимин кабыл алган. Ага ылайык, Нурлан Өмүркул уулу кызматынан убактылуу бошотулуп анын ордуна Таалайбек Бектенов дайындалган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: