super.kg logo

Жоюлбаган жол кырсыгы: Ошто 2 унаа кагышып, 11 жаштагы өспүрүм оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды

 

Ош шаарында 2 унаа сүзүшүп, 11 жаштагы өспүрүм жабыркады. Айдоочулардын бири окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматты Ош шаардык жол көзөмөлдөө кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-февраль күнү саат 15:00дө Абдыкадыров көчөсүндө болгон. Анда Хонда Цивик жана ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Хонда үлгүсүндөгү унаанын ээси окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бирок жол кырсыгы катталган жерге анын мамлекеттик номери түшүп калган.

"Номери аркылуу издеп такталган дарекке барганыбызда ал адам унаасын 2 ай мурда сатып жибергенин айтты. Азыркы учурда унаанын жаңы ээсин издеп жатабыз", - дейт басма сөз кызматынан.

Жабыр тарткан 2007-жылы туулган өспүрүм ооруканага жеткирилип хирургия бөлүмүнө жаткырылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.02.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Temasin ele okudum,kalganin okusam jurogum janchilip ketet...kachan toktoit boldu eken.Tez aranin ichinde bit nerse oilop tabiwpasa.
17.02.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Табылсын өз жазасын алсын
менин инимида бычактап кетишти
оор күндөрдү өткөрүп атабыз
бычактагандар жазасын алар деп атабыз бирок акча ойноп бей бечаралар жөн эле каларын жоон терибиз менен сезип атабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: