super.kg logo

Жээнбеков Флоридада 17 адамдын өмүрү кыйылган трагедияга байланыштуу Трампка көңүл айтты

 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков АКШнын Флорида штатындагы мектептеги ок атуудан курман болгондорго байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Флорида штатында болгон трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетүүсүн каалай турганын билдирип коюуну өтүнгөн.

Белгилей кетсек, Флорида штатынын Паркленд шаарындагы "Stoneman Douglas High School" деп аталган орто мектепте 14-февраль күнү ок атуу болуп, кеминде 17 адам каза болсо, 50дөн ашык адам жаракат алган. Ал эми полиция кызматкерлери аталган окуяга шектүү катары ушул эле мектепти бүтүп кеткен 19 жаштагы Николас Круз аттуу адамды колго түшүрүшкөн.

Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам "Флорида "актардын штаты" болушу керек деген ураанды карманган "Флорида республикасы" уюмуна мүчө болгону аныкталган. Андан кийин полиция Круздун үйүнө барып, анын колдонгон компьютерин жана ал катталган социалдык баракчаларын текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда анын социалдык баракчаларында тапанча жана бычак кармап түшкөн сүрөттөрү жүктөлгөнүн көрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.02.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трампты эмне кылат экен жээнбеков,биздин озубуздо жол кырсыгынан канча Адам олуп атат.озундун элинин абалын сура
16.02.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Saidochka,Дипломатияны тушунбосон суйлоп не кыласын тоо десе бээ деп. Билим алчы
17.02.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман иш болду мектептен абайлаш керек ошолорду коруп европаны туураган биздинда эргулдар чыкпасын кудайым озун сакта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: