super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Коомдук транспортту айдап бара жатып Инстаграмга алаксып, башка унааны сүзүп ала жаздаган айдоочу кармалды

 

Бишкек шаарында коомдук транспортту айдап бара жатып телефонуна алаксып, Инстаграмды карап отурган айдоочу табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, башкармалыктын кызматкерлери тартип бузган айдоочунун аты-жөнүн тактаган. Ал №220-маршруттук каттамды айдаган Артур Токтосунов экени аныкталган. Ал күнөөсүн моюнуна алып, мындан ары мындай кадамга барбай турганын убадалаган.

"Тартип бузган жаран Административдик кодекстин 239-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды. Аталган каттамды жүргүзүп келген ишкананын жетекчилиги чакыртылып, Токтосунов менен биргеликте башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов кырсыктардын алдын алуу тууралуу сүйлөштү", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына маршруттук каттамдын айдоочусу телефонуна алаксып бара жатып, башка унааны сүзүп ала жаздагандыгын билдирген. Ал жөнөткөн видеодон ал айдоочу жанында бара жаткан унаанын айдоочусу менен чырдаша кеткенин көрүүгө болот.


кошулду





Маршрутканын айдоочусу Инстаграмды чукулап айдап баратат (сөгүнгөн сөздөр бар)

Жүргүнчүсү толо бараткан маршруттук таксинин айдоочусу инстаграмда отурат

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.02.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тушунугу колхоз бойдон калган айдоочулар толтурада Бишкекте. Тартып алган молоднц
16.02.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Коомдук жайда согунгону учунчу? Билишимче, согунгон учун да берене бар беле?
17.02.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасынын баласы, албетте бар, даже коомдук жайда тукурсок да штраф толойсун
17.02.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
200сом эле айып пул толонот экен все ошол учун туугандар ар бирибиз озубуздон баштайлычы бир аз ката кетирип бир адамдын козун кашайтып анында озундунда тагдырына балта чабылат
17.02.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
239 статья болсо 220сом толойт
SUPER.KG видео
18.02.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаай сактай кор, эмне болуп баратышат адамдар? Ошончолук эле инстаграмда отургусу келсе жумуштан чыгып алып эле отура берсин да! Алардын колунда канчалаган адамдардын омуру турса ойлонушпайбы кичине
SUPER.KG видео
20.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти апасынан ажыраганы аз келгенсип кыздын буту жок-калды , омур бою эркинен ажыратылсын ошол айдоочу айып эле жаш келин олду , кызынын келечеги учун Ким жооп берет?! Пешеходто газды басып келатканын куруп кеткир
SUPER.KG видео
22.02.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бишкектин айдоочулары баары спецназда кызмат отошконго ээ кулактарынан телефон тушпойт тияк ьул иурат 137 алдыда деп 147 артта леп суйлошо беришетго эми инстаграммы чыктыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: