super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарында эки унаа кагышып 3 адам жаракат алды" дейт окурман

 

16-февраль түнү Ош облусунда эки унаанын катышуусунда кырсык болуп, 3 адамды ооруканага алып кетишкендиги тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына маалымат келип түштү.

Окурмандын билдирүүсүнө караганда, кырсык саат 23:00дөр чамасында болгон.

"Ош шаарынын Карл Маркс көчөсүндө Хонда жеңил унаасы каршы тилкеге чыгып кетип маңдайында келе жаткан Матиз унаасы менен бетме-бет кагылышкан. Натыйжада, Хонданын ичиндеги 3 адам жаракат алып, ооруканага алып кетишти. Учурда мен ошол жерде турам, жол көзөмөлдөө кызматы өз ишин аткарып күбөлөрдү сурап жатат", - деп жазган окурманыбыз WhatsApp аркылуу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.02.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору Кыргызтанда жол кырсыгы аябай коп болуп жатат, эрежелерди сактабай жатышат кудай эле сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: