super.kg logo

Ишкерлер өкмөт башчыга бизнес жүргүзүүдө туш болуп жаткан кыйынчылыктарын айтып беришти

 

Премьер-министр Сапар Исаков 16-февралда ЖИА бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков бизнести өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Исаков ошондой эле бизнес - өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык негизи экендигин жана мамлекет ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийиш экендигин белгиледи. "Мен ар дайым бизнес-коомчулук менен ачык жана ишенимдүү иш алып баруу үчүн аракет кылуудамын. Анткени сиздердин ишиңиздерге жараша жумушчу орундар түзүлүп, салык төлөмдөрү жогорулоодо", - деди ал.

Сапар Исаков ишкерлерди ата мекендик продукцияны сатуунун жаңы рыногун өздөштүрүүгө активдүү киришүүгө чакырды. Ал эми ЖИА өкүлдөрү бизнести жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча өз пикирлерин билдирип, ишмердүүлүктөгү туш болуп жаткан көйгөйлөр жана кыйынчылыктарды аташты.
Премьер-министр бардык сунуштарды карап чыгууга убада берип, аталган милдеттерди комплекстүү чечүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: