super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бүгүн таңда "Ош" эл аралык аэропортуна учактар коно албай Бишкекке жөнөтүлдү" дейт окурман

 

"Ош" эл аралык аэропортундагы аэродромго коно турган Москва-Ош 2 каттамы Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна жөнөтүлдү. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 17-февралда "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, мындай абалга аба ырайы кескин өзгөрүп, абаны коюу туман каптагандыгы себеп болгон.

"Орусиядан келип коно турган Москва-Ош жана Раменское-Ош каттамындагы 2 учак аба ырайына байланыштуу коно албай Бишкекке жөнөтүлдү. Алгач каттамдар кармалып жатканы тууралуу айтылган, кийин коно албай Бишкекке жөнөтүлгөнү айтылды. Күтүп алуучулар ушундай суукта сыртта 1 сааттан ашык турушкан. Алардын арасында балдарын тосуп алууга келген кары-картаңдар жана ата-энелерин күтүп алууга келген жаш балдар бар. Аэропортто катталып, учуп кетүүчүлөр үчүн гана күтүү залы каралган. Күтүп алуучулар үчүн шарттар каралган эмес", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.02.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Күтүп алуучулар үчүн чоң залдын бүтөөрүнө аз калды, бир аз сабыр кылып туруңуздар.
18.02.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AnarRazakovich, Анаркул это ты?
17.02.2018. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Машинана отуп турда бензининди аяп оталдырбай жатсан керек укам аа
17.02.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошко расчет менен келген самолеттор Бишкеке баргыча майы тугонуп же Бишкек аэропортундада кутуусуз себептен коно албай майы тугонуп кплса эмне болмок?
17.02.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov, Анда коңшу Андижанга конот. Башта да Андижанга конгон учурлар болуп келген.
17.02.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jbolotov,күйүүчү майы ашыкчасы менен болот кыжалат болбо. Ар кандай себептер болуу мүмкүн деп барып келчүү май куйулат.
17.02.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр
17.02.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутулбогон кырсыктан ошонусу дагы жакшы дагы бир аз сабыр кылышса баары жайында болот
17.02.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалыгына шугур кылсанар...кайдагы кутуучу залды проблема кылбай..
18.02.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен конуп алганына кудайга шугур Бишкеке болсо да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: