super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: Мындан 85 жыл мурун төкмө акын, обончу жана комузчу Токтогул Сатылганов каза болгон

 

Кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 1933-жылы 17-февралда 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Кетмен-Төбөдө туулган. 13 жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгач "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" жана башка көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдап баштаган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар.

1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган.
Токтогул Сатылганов айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган. Ошондой эле сүрөтү 100 сомдук акча купюрасына түшүрүлгөн.
17-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: