ТИМ: "Бизде депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалды деген маалымат бар. Бирок аны Казак тарап расмий тастыктай элек"
"Бизде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалды деген маалымат бар. Бирок аны Казак тарап расмий тастыктай элек", - деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Мындан сырткары учурда ТИМ бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
"Учурда Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтын үстүндө иштеп жатат. Бир аз убакыттан кийин баары такталганда толук маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, кечээ Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалганы айтылган. Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу, Казак өлкөсүнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция иш жүзөгө ашкан. Атайын операциянын жыйынтыгында 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген адамдар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(6)
ali1995

17.02.2018. 10:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мына жогорку кенеште кимдер отурат!!!
RusMos76

17.02.2018. 10:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушуга окшогон тайранбайларды шайлаган озубузго да чала. Тунку клубда казино ойноп чегип журсо кармаса керек да, дагы казактан кыргыздын Тирегин издеп!
RusMos76 түзөттү 2018-02-17 10:39:28
tachkomur

17.02.2018. 11:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Камаш керек башкаларына сабак болуш учун
Cleo-13

17.02.2018. 11:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеке мандат эле болуш керек окшойт шайлоодо партиялык шайлоо эмес. Эл кимди шайлаганын деле билбейт
Azatbek83

17.02.2018. 19:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке козунду ач!Болбосом Аша досундан калган жанындагы иштегендерин козунду тазалап койушат!Корупциянерлерди издешти АК уйдон башта тез жоголот!Корупциянерлердин уйугу АК уйдо!
tokoev87

17.02.2018. 23:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак тарап тастыктайлек деп камырабайтко министирлик аракет кылбайсыңарбы кыргызстандын жараныго акыры
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.