"Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деген мугалимге карата чыгарылган буйрук негизсиз деп табылып, ал кайрадан жумушун улантууда
Окуучуларын тилдегени үчүн жумуштан алынган мугалим Перизат Курманкожоевага карата чыгарылган буйрук негизсиз экени Мамэкотехинспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер боюнча бөлүмүнүн Жумгал-Кочкор райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан аныкталып, ал кайрадан жумушка чыгып иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-февраль күнү SUPER.KG порталына Жумгал райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Фатима Омуралиева билдирди.
Анын айтымында, мугалим Курманкожоеванын кайра жумушка чыгуусу толук мыйзамдуу.
"Курманкожоевага карата чыккан буйрукту Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер боюнча башкармалык негизсиз деп таап, ал кайрадан өз ишин улантууда. Аталган башкармалыктын буйругу 70 адамдан турган Миң-Куш айылынын тургундарынын кайрылуусу жана Курманкожоеванын 3 кызы бар экендиги, жолдошунун эч жерде иштебегендиги, ошондой эле анын 14 жылдык эмгек тажрыйбасы эске алынып чыгарылган. Ал кыргыз тили сабагынан мугалим болгон үчүн ар дайым макал-лакап, фразеологизмдерди колдонуп сүйлөйт. Чынында "Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деген сөздүн маани-мазмуну сараңдыкты түшүндүрөт экен. Ал катуу угулганы менен, басмырлоого дал келбейт. Негизинен, арыздануучу ата-эненин буга чейин "арыз-доом жок" деп жазып берген каты бар. Анан кайра эле арызданып жатканы кызык болууда", - дейт ал.
Айта кетсек, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы орус тилдүү Н.К.Крупская атындагы орто мектебинде мугалим Перизат Курманкожоева 11-класстын окуучуларын жарманкеге тамак-аш жасап келбегендиги үчүн "Битиңерди сыгып, канын жалагыла" деп тилдегендиктен, №47 буйрук менен 2017-жылдын 6-декабрында Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-пунктуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.


Азыркылар мугалимдерден коркпойт кайра коркутат.