super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: Бүгүн Эл аралык мээрим көрсөтүү күнү

 

Бүгүн, 17-февралда дүйнө эли Эл аралык мээрим көрсөтүү күнүн белгилешүүдө.

Бул күн 1998-жылы 13-ноябрда Токиодо өткөн конференция учурунда Япония, Австралия, Улуу Британия, АКШ, Канада, Сингапур жана Таиланд тарабынан негизделген. Анда Эл аралык мээрим көрсөтүү күнү 17-февралда расмий эмес майрамдала турганы айтылган. Көп өтпөй бул күндү башка өлкөлөр да белгилей башташкан.

Эл аралык мээрим көрсөтүү күнүндө Европада жана АКШда салтанаттуу түрдө актёрлор жана коомдук, саясий ишмерлердин катышуусунда кайрымдуулук иш-чаралар, марафондор өткөрүлөт.

Ал эми КМШ өлкөлөрүндө аталган майрам эл арасында кеңири жайыла элек. Бирок бир нече компаниялар мээрим көрсөтүү күнүнө карата ар кандай чакан иш-чараларды уюштуруп келишет.
Бул күнү баарына бирдей мээрим көрсөтүү кажет. Жөн эле мээримдүү болуу эмес, сөзсүз чексиз жана чын дилден мээрим көрсөтүү абзел. Адам көрсөткөн мээрими үчүн ыраазычылык күтсө, анда анын чыныгы мээрим көрсөтүү максаты ишке ашпай калат. Сиз башкалардын кубанычына күбө болууга жана ал үчүн ыраазычылык угууну күтпөөгө тийишсиз.
Бүгүнкү күндө себепсиз мээрим көрсөтүү ар бир жарандын колунан келе бербегени анык. Мындан улам пейилди кенен коюп, ар бир күнү жакындарыңыз үчүн убакыт бөлүп, өз мээримиңизди төгүп турууну сунуштайбыз.
17-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: