Өзбекстан Кытайга Кыргыз өлкөсү аркылуу оор жүк ташуучу унаа колоннасынын биринчи бөлүгүн жөнөтүүгө даярданууда
Өзбекстан Кыргыз өлкөсү аркылуу Кытайга оор жүк ташуучу унаалардын биринчи колоннасын жөнөтүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган унаалардын жүк жеткирүү колоннасы Ташкент - Андижан - Ош - Эркечтам - Кашкар багыты боюнча транспорттук коридор аркылуу жүргүзүлмөкчү.
"Кыргыз, Кытай жана Өзбекстан жаңы транспорттук коридорун ачуу демилгесин өзбек эл башчысы Шавкат Мирзийоев 2017-жылдын май айында сунуштаган. Ал эми ошол эле жылдын октябрь айында Кыргыз, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда алгачкы пилоттук каттам жүргүзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, аталган багыт боюнча оор жүк ташуучу унаалар 16 саат жолдо жүрүү менен жалпысынан 920 чакырымды 31 саатта өтүшкөн. Экспорт жана импорт продукциялары жүктөлгөн жүктү февраль айынын башында түзүлгөн "Silk Road International" биргелешкен ишканасы ташуу милдетин алган. Учурда мекеменин эсебинде 80 оор жүк ташуучу унаа болсо, жыл соңуна чейин саны 200гө көбөйүүсү пландандалууда.
Автор: Айнуска Жороканова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Ушул жолдор менен Кытайга жер-жемиштерибизди импорттоп экспорттоп биз сатканыбызда кандай соонун болмок эле. Бизде алып отчу жолдорубуз бар бирок чондорубуздун Башы жок болуп жатат. Алсыздыгыбызды билип Ш. Мирзиев ортодон акылдуулук менен пайда коруп жатат.
gute,ошондой кылсак жакшы болмок,бирок кытай азыр оздорунун жер жемиштерин дуйно жузуно арзан баада сатып жатышат.Оздорунун ондурушу таза эмес болсо дагы алар башка олкодон эч качан жашылча,жемиш сатып алышпайт.
33SUUN,Кытай жакшысын озуно алып калып жаманын дуйного сатат.Бирок баары ала беришет жаман болуп кетиптир дешсе эчтеке эмес Китайский да арзан ала берели дешет.
Жолдорго ким жооп берет?
И так Алай жолдору жылдан жылга бузулуп жатат? Канча деген акчаларга ондолгон болбосо,кийин мамлекеттин кайра жаны жолду куруусуна козум жетпейт
Биздин акмак чоңдор эмне үчүн уруксат берип жатышат жолдорубузга.Буларың жолду өлтүрүшөт эми.Биздин деле автомашиналарга уруксат беришсин анда Ош-Андижон-Бишкек кылып.Алар жүрөт эмнеге биз антип жолубузду кыскартып жүрө албайбыз.Илгери союз маалында Андижандан өтүп эле жүрчү элек Бишкеке жолду кыскартып.Булардын шоферу биздин Алайдын перевалына барганда жүрөктөрү түшөт го бир өтө алышбай.
nurbekasr, Перевалдан коркушпайт андай машинаны стажы коп опцтныйлар айдашат! Сен айткан жол кыскартып отсок жакшы .А бирок алар бизсиз ото албайт темболее кытайга
Эмне учун Кыргыз жук ташуучулары Кытайга ото албай чек арада жумалап туруп калышып ататда Озбекстандыкы суйлошулуп баратат? Биздин келесоолор Россиянын пайдасына союзга кирип алышты ошондуктвн Кытай нааразычылыгын корсотуп атат. Озбекстандай болуп эч жака кирбей эле Россиягада Кытайгада соода кылса болот экенго.
И так Алай жолдору жылдан жылга бузулуп жатат? Канча деген акчаларга ондолгон болбосо,кийин мамлекеттин кайра жаны жолду куруусуна козум жетпейт