super.kg logo

Сапар Исаков жакынкы беш жылга Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды

 

Премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банк менен өкмөттүн ортосундагы 2018-2023-жылдарга карата кызматташтык стратегиясын талкуулады. Исаков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштин натыйжалуулугу маанилүү экендигин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук белгилегендей, алдыда өлкө экономикасынын өнүгүүсүн камсыздоо үчүн колдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарыл. Ал Кыргыз жери ар кыл тармакта чоң потенциалга ээ экендигин айтса, премьер-министр Сапар Исаков түзүмдүк өзгөртүүлөр зарылдыгына токтолду.

"Бүгүнкү күндө өлкө экономикасынын бир катар тармактарын, анын ичинде салык тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү боюнча иштер башталды. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын долбоорлорун "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасы менен синхрондоштуруунун маанилүүлүгүн белгилегим келет", - деди Исаков.

Ошондой эле жакынкы беш жылга карата Дүйнөлүк банк менен кызматташуу боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
17.02.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карыз алганы жастасынарбы?
Жаап жаны ТЭЦ салабызго?
17.02.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Булар айта беришет Айткан созунон кайта беришет!Кагаз турундо калып эле иш жузуно ашпайт.Уялбай башкаларды куноолоп иштетпеди деп койушат!ХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-18 09:45:10
18.02.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец карыз алыш онойураак болуп калат!
18.02.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iridiym95,толошчу? жемейдин кусмайы да бар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: