Токтогулда сарай урап, кыркка жакын мал жандыкты басып калды
Токтогулда урап түшкөн сарай 35 баш майда жандыкты жана 1 баш ийри мүйүздүү малды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-февралда болжол менен саат 12:20да Токтогул шаарында мал багылуучу сарай ураган. Аталган шаардын Өзгөрүш көчөсүндөгү үйдүн короосунда жайгашкан мал сарайда 35 баш майда жандык жана 1 баш ийри мүйүздүү мал болгон. Урандыны тазалап, астында калган малды алып чыгуу үчүн жалпы 5 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Каментарийлерге " жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт"