Бишкекте футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 2-айлампасынын оюндары өтүүдө
Футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын 2-айлампасынын оюндары өтүүдө. Алсак, 16-февраль күнү “Sun City” “Фарватер” менен кез келип, 1:4 эсебинде “Фарфатердин” пайдасына аяктады. Ал эми “Алга” “Мурасты” 4:2 эсебинде жеңсе, “Бакубат Талас” 3:7 эсебинде “Жакшылык” командасына утулуп калды.
17-февраль күнү “Бакубат Талас” “Мураска” 3:6 эсебинде жеңилип калды. “Жакшылык” “Sun City” оюну 9:3 эсебинде “Жакшылыктын” жеңиши менен аяктады. “Алга” болсо “Фарватерди” 8:2 менен жеңди.
Эртең, 18-февраль күнү “Бакубат Талас” “Фарватер” менен кез келсе, “Алга” “Жакшылык” менен беттешет. “Sun City” “Мурас” оюн өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.