ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: Белгилүү мушкер Алмазбек Раимкулов 41 жашка чыкты
Бокс боюнча профессионалдар арасында Түндүк Американын чемпиону, Кид Даймонд лакап аты менен таанымал мушкер Алмазбек Раимкулов 1977-жылы 18-февралда туулган.
Ал 14 жашынан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. 15 жашында спорт чеберине талапкер болсо, 19 жашында Кыргыз Республикасынын спорт чебери болгон. Андан кийин 23 жашында эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада 4-орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон.

Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткен. Өлкөнүн он жолку чемпиону.

2001-жылдан тартып профессионалдуу бокско аралашып, АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап, спорт менен машыгып келген. 2005-жылы үч жолку дүйнөнүн чемпиону, Атланта олимпиадасынан алтын байгени уткан кубалык Хоел Касамайор менен дүйнөлүк чемпиондук таймашка чыккан. Бирок бул таймашта жеңиш Раимкулов тарапта болсо да, калыстар тобу эки мушкерге бирдей баа беришкен. Себеби таймаш болордо Алмазбек Раимкуловго АКШ желеги менен чыгуу сунушталган эле. Спортчу андан баш тарткан.

Алмазбек Раимкулов 2006-жылдын сентябрь айында Түндүк Американын НАБФ версиясындагы чемпиондукту жеңип алган.

2009-жылы беттешке чыгып, 9-раундда жеңилүү ызасын тартып калган. Дал ушул окуядан кийин карьерасын токтоткон. Ал эми 2017-жылы Москвада Кид Даймонд аталышындагы машыгуу залын негиздеп, учурда аталган залда машыктыруучу болуп эмгектенет.
18-февралдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Azatbek83

18.02.2018. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
nazira...

19.02.2018. 08:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр дагы башкасы менен болсо керек. Кимисиники туура билбейсин, деги бактылуу эле болушсунчу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.