super.kg logo

Пакистанда 8 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

 
Сегиз жаштагы Зайнап Ансари

Пакистандын соту сегиз жаштагы Зайнап Ансарини зордуктап, өлтүрдү делген 24 жаштагы Имран Алини өмүр бою эркинен ажыратып, аны дагы жети баланы өлтүргөн деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 8 жашар Зайнап Ансаринин жансыз денесин полиция кызматкерлери 9-январда Касур шаарында таштанды кутуларынын биринен тапкан. Текшерүүдө секелек кыз зордукталганы аныкталган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Зайнап 4-январь күнү куран сабагынан чыккандан кийин дайынсыз жоголгон. Бул окуя Пакистанда ири нааразычылыктарды жаратып, миңдеген адамдар окуя болгон Касур шаарында көчөлөргө чыгып, мындай кылмыштарга чукул чара көрүүнү талап кылышкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар полиция бекетине чабуул коюшуп, андагы кагылышуудан эки адам каза болгон.

Касур полициясынын маалыматына ылайык, аймакта соңку бир жылда кыздар уурдалган, зордукталган же киши колдуу болгон 12 факт катталган. Алардын сегизине жогоруда аталган кылмышкердин тиешеси бар болгондугу аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
18.02.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман болуптур. Аллах сактасын шайтандын азгырыгыган.
18.02.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
8 адамды олтургучо полиция эмне кылып журуптур, олум жазасына тартыш керек да
18.02.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташбараң кылчу эле го алар
18.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
18.02.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайдан коркпогон акмактар
18.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай ушундайлардан сактасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: