ЖЫЛНААМА, 18-ФЕВРАЛЬ: Мындан 80 жыл мурун коомдук-саясий ишмер, агартуучу Абдыкерим Сыдыков репрессияланган
Мындан 80 жыл мурун, 1938-жылы 18-февралда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, агартуучу илимпоз Абдыкерим Сыдыков репрессияланган.
Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Чүй өрөөнүнүн Баш-Кара-Суу деп аталган жеринде манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Мусулман мектебинде, Верныйдагы (Алматы) эркектер гимназиясында окуган. Пишпектеги уезддик башкармада котормочу, ошол эле уезддин комиссарынын орун басары, Орусиянын убактылуу өкмөтүнүн өкүлү. Орто Азия мамлекеттик университетинде кызматчы, Орто Азия пахта институтунда суу чарба деканынын орун басары, Кыргыз АССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. "Алаш" партиясынын мүчөсү. Кыргыздардын өз алдынча автономиялуу мамлекет болуу идеясын киргизгендердин бири. Кыргыздын тарыхы жана генеалогиясы боюнча макалалары Ташкентте жарыяланган. "Кыргыз элинин өсүп-өнүгүш тарыхынын кыскача очерки", "Кыргыздардын урук-урук болуп бөлүнүшү", "Көчмөндөр тобунда малды багууну уюштуруу", "Орто Азиядагы журтчулук жана ачарчылык" деген эмгектери бар.
Сыдыков 1933-жылдын 9-майында камакка алынат. 1934-жылдын 28-февралында "Социал-Туран" деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун жетекчиси деп ага күнөө тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 1938-жылы 10-февралда Кыргыз ССРинин НКВДсынын чечими менен "Социал-Туран" партиясынын уюштуруучуларынын бири катары күнөө тагылат. Тоталитардык машинанын кандуу репрессиясынын чырмоогуна кабылган Абдыкерим Сыдыковго жалган жалаа жабылып, ал 1938-жылы 18-февралда 49 жашында өлүм жазасына тартылган.
18-февралдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
bosmos77777

18.02.2018. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын чыгаандары !!! Ушулардын эпкини менен Кыргыз сакталып турат.
Asat17

18.02.2018. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акталды беле?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.