super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун өмүр баяны

 

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 4 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болду.

Буга чейин интернетке Жогорку Кеңештин депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Салайдин Айдаровдун жана "Аю" компаниясынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдун өзбекстандык олигарх “Салим байбачага” чапан жапкан сүрөтү тараган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун өмүр баяны:

Дамирбек Асылбек уулу VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты. ("Кыргызстан" парламенттик фракциясы)

1981-жылдын 3-февралында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган;

1993-1998-жылдары Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган;

1998-2003-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун экономика факультетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча бүтүргөн;

2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык Академиясынын эл аралык мамилелер факультетинин Дүйнөлүк экономика кафедрасында экономика чөйрөсүндө дипломат адистиги боюнча окуган;

Эмгек жолун 2000-жылы баштаган. 2000-2004-жылдары "АРМS" ЖЧКсынын башкаруучу директору;

2006-2008-жылдары "Sky-Mobile" ЖЧКсынын атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу;

2008-2009-жылдары "БиМаКом" ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси;

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2010-2015-жылдары "Альфа-Телеком" ЖАКында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор;

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70-жылдыгы Юбилейлик медалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы сыйлык, Рамзан Кадыров атындагы медаль, Эл аралык "FILA" Күрөш федерациясы ордени менен сыйланган.

2012-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти;

2013-жылдан ушул мезгилге чейин "AAWC" спорттук күрөшү боюнча Азия Кеңешинин вице-президенти болуп саналат;

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери болуп эсептелет;

1997-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты спортчусу болуп таанылган;

1997-жылы Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээлеп, мелдештин коло сыйлыгына татыктуу болгон;

1998-жылы Бишкек шаарында өткөн спартакиаданын чемпиону болгон;

1999-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында утуп чыгып, Азия чемпиону болгон;

1999-жылы Бишкек шаарында өткөн Орто Азия оюндарынын чемпиону болгон;

2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионатынын байгесин жеңип алган;

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыктуу болгон;

2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде байгеге татыктуу болгон;

2006-жылы "Голден Гран-при" турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(20)
18.02.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Депутаттын санын кобойтуп ушуга окшогон депутаттардын эмне кереги бар?! оздорунун акыбалы бул болсо элдин эмне койгойун чечип кыйратышат?! булардын санын кыскартыш керек, 20 эле депутат жетет, казактар азамат бир жеп жутардын чыныгы жузун ачыпсынар.
18.02.2018. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Коптон бери депутат турбайбы... Жазасын алсын
19.02.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Спорт жагын жакшы оздоштургондон кийин спорт жагында тынч эле жүрсө болмок экен баңги заттарды аралашпай
19.02.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Көлдөн чыкан депутат турбайбы. Ордун алыш керек болуп калса керек.
19.02.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Элге жаман көрсөтүп туруп.
19.02.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Altyn10076, бул болгон эле факт болуп турат го.
fanatkg түзөттү 2018-02-19 09:29:35
19.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Altyn10076 дөөрүй бересиңда
19.02.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атыш керек мындай бангилерди
19.02.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атбай эле Филипинге жеткирип салыш керек
19.02.2018. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Напси . Напси. Напси.
19.02.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул депутаттын Жалал-Абад коммерциялык институтунда окуп диплом алганына ишене албай турам негедир... сатып эле алса керек.. жакшылап текшерсе диплому жасалма чыкса керек...
19.02.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Aika96,ошону айтсаң,өзү көлдүк болсо,анан көлдө же Бишкекте окубай тээ Жалалабадка барып окуган имиш..Спортик же бандит достору алып беришти да
19.02.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тынч эле иштеп жүрө бербейби жакшы кызматта турганда
19.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Спортчунун коптору ошондой иш менен алектенет же болбосо кандайдыр бир адамдардын аркасы менен аралашып калат
19.02.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын спортсмен эке Жалалабадта 5 чыл окуса.
19.02.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы жакшы кытайдан кармалганда омур бойу кетмек же соогу келмек.
19.02.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча эмгек кылып жеткен ийгилигин жууп кетиптир!
19.02.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шерменде эле болдуго кыргызстандын депутаты нарко бизнес деп,бир жагы расболуптур четтен кармалып озубуздо болгондо шапкачандар кормоксон болуп отмокда
19.02.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец. Акчасы бар депутат ушул ишти кылса улгу болуп. Акчасы жоктор эмне кылмак эле.
20.02.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдин кимдин заманы депутаттын заманы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: