super.kg logo

Латвиянын борбордук банкынын президенти коррупцияга шектелип кармалды

 

Латвиянын Коррупцияга каршы агенттиги Борбордук банктын башчысы Илмар Римшевичти кармаганын аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Марис Кучинскис билдирди.

Белгилүү болгондой, Латвиянын Коррупцияга каршы агенттиги 16-февраль күнү Илмар Римшевичтин үйү менен кызмат ордун текшерген. Ал эми 17-февраль күнү кечинде банктын жетекчиси Коррупцияга каршы агенттиктин мекемесине келип сурак берген.

Азыр мен же болбосо башка кызмат адамдарынын Коррупцияга каршы агенттиктин ишине кийлигишүүгө эч кандай негиз жок. Мекеме так жана кесипкөйлүк менен иш алып барууда. Алардын сурактары толук бүтүп, тийиштүү маалыматтар алынгандан кийин коомчулукка окуянын чоо-жайы айтылат”, - дейт Марис Кучинскис

Бүгүн, 19-февралда окуяны талкуулоо үчүн өкмөт чукул жыйын өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: