super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев азыркы мэр Иса Өмүркуловго кайрылуу жолдоду

 

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев бүгүн, 11-июнда шаардын учурдагы мэри Иса Өмүркуловго кайрылуу жолдоду. Анда мындай деп жазылат: “Акыркы убакта сиз тараптан мени мэр болуп турган убакта “Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөсүндөгү сейил бакка тиешелүү жерди сатып жиберген" деп маалымат таратылууда. Бирок ал жерлер 2004-жылы эле, мен мэр боло электе эле берилип кеткендиги тууралуу документти ММКларга бергем. Сиз кызмат адамы жана саясий фигура болуп туруп, теле аркылуу такталбаган маалыматты таратып, менин атымды, абийиримди, кадырымды булгап жатасыз. Бул сөзүңүздү артка алыңыз же ушул маалыматтарыңызды тастыктаган документтерди көрсөтүңүз. Бирок мен сизде андай документтер жок экендигине ишенем. Бул сөздөрүңүздү артка алууга сизге акыркы мүмкүнчүлүк берем”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: