ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 56 жашка чыкты

Эмгек жолу:
1986-жылы Кыргыз ССРинин ИИМнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперативдик кызматкери;
1987-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперативдик кызматкери;
1993-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги;
1996-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
1998-жылы ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2000-жылы ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ошол эле убакта оор кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенген;
2001-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги. Ушул эле жылы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2005-жылы ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, ушул эле жылы Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2006-жылы ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын начальниги;
2008-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары. Ошол эле жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору;
2010-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары;
2012-жылдын ноябрь айынан тарта Бишкек ШИИББнин жетекчиси;
2014-жылдын 1-октябрынан 2016-жылдын май айынан чейин ички иштер министри.
Сыйлыктары:
Президенттин буйругу менен мамлекеттик даражадагы сыйлыктар менен сыйланган. Алсак, "Даңк" жана 2-даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалдарынын ээси, Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы менен да сыйланган.
Ошондой эле Мелис Турганбаев Кыргыз Республикасынын Эркин күрөш федерациясынын президенти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.