Ооганстанда 2 ай террорчулардын туткунунда жаткан кыргызстандык Нургазы Конушбеков эртең мекенине келет
Ооганстанда 2 ай террорчулардын туткунунда жаткан кыргызстандык Нургазы Конушбеков эртең, 12-июнда мекенине келет. Аны өкмөт жетекчилери тосуп алышмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. УКМКнын басма сөз кызматынын берген маалыматында, Конушбеков 9-июнда туткундан бошотулган. “Кыргызстандын жаранын бошотуу иш-чарасы президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен аткарылды”,- деп билдирет УКМК. Айта кетсек, 22-апрелде Конушбеков жана башка өлкөнүн өкүлдөрү бар тик учак Ооганстанда авариялык абалга туш болуп, Логар провинциясынын аймагына конууга аргасыз болгон. Андан соң аларды террорчулар туткундап алышкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
-1

