super.kg logo

Жогорку Кеңештин 300 миң сомго жасалган расмий сайтында Конституциянын эски редакциясы турат

 

Жогорку Кеңештин расмий интернет-сайтында Конституциянын эски редакциясы турат. Тактап айтсак, Баш мыйзамдын тексти акыркы жолу 2016-жылдын июнь айында сайтка жайгаштырылганы белгиленүүдө. Ал эми Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өтүп, бир топ беренелерге өзгөртүүлөр киргизилген.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу сайтка Конституциянын жаңы редакциясы кирбей калганын моюнуна алып, жакын арада сайтка жайгаштырыла турганын SUPER.KG порталына убадалады.

Эске салсак, 2016-жылы март айында Жогорку Кеңештин расмий сайтын 300 миң сомго жасоого тендер жарыяланган. Интернет-коомчулукта бул жаңылык катуу нааразычылык жараткан. Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы аталган сайт 2007-жылдан бери өзгөрбөй келгенин жүйө кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
19.02.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эле болгулачы Чондор Кыргызстанды шерменде кылып буттунор
19.02.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны конституцияны дагы деле таппай эскисин койушса керек да.
Alinur96kg түзөттү 2018-02-19 15:41:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: