Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутатынын Казакстанда кармалышы боюнча суроо-талап жөнөттү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Казакстандын башкы көзөмөлдөөчү органына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Алматыда кармалышы боюнча суроо-талап жөнөттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда депутатты Кыргыз Республикасына алып келүү боюнча маселе каралып жатат.
Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында каршы атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 4 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалган 29 адамдын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.


БАШКЫ Прокуратурага суроо аа эмнеге жонокой жарандарыбыз Казахстандан, Россиядан кармалса кээ бири эч куноосу жок эле кармалып камалып кетишет ошол жарандырыбызга Ушул депутатка чуркагандай чуркабайсынар эмнеге ошол жонокой жарандарды бошотконго аракет кылбайсынар?
Чагылган тийбей чабылдым.
Созулуп барып үзүлгөн
Зоодогу үндөй жаңырдым.
Таштабайм тапкан такамды,
Бөк кылбайм конгон сакамды,
Тагдырым ташка алса да,
Таштабайм бала-чакамды.