super.kg logo

Сурак учурунда каза болгон Абдыкерим Гапаровдун жакындары сот адилетсиз чечим чыгарды деп бул ишти президент жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнүп жатышат

 
Маркум Абдыкерим Гапаровдун каза болордон бир жума мурун түшкөн сүрөтү
Маркумдун иш бөлмөсүнөн табылган адамды кыйноого колдонула турган буюмдар
Маркумдун иш бөлмөсүнөн табылган адамды кыйноого колдонула турган буюмдар
Маркумдун денесиндеги көк-ала тактар
Маркумдун денесиндеги көк-ала тактар
Маркумдун денесиндеги көк-ала тактар

Каза болгон Медициналык академиянын кызматкери Абдыкерим Гапаровдун жакындары сот адилетсиз чечим чыгарды деп бул ишти президент жеке көзөмөлүнө алуусун өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда маркумдун жубайы Асылкан Өнөрова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, УКМКнын кызматкерлери ишти караган сотторго кысым жасап, адилетсиз чечим чыгартып алышкан.

"2017-жылы декабрь айында менин күйөөмдүн өлүмү боюнча сот өкүм чыгарып шектүүлөрдү актап жиберди. Өзүнүн иш бөлмөсүндө УКМКнын 7 кызматкери тарабынан кыйноого кабылып каза болгон күйөөмдүн өлүмүнүн жоопкерчилигин эч ким тартпайбы? УКМКнын кызматкерлери буга чейин бизге да, окуянын күбөсү катары өтүп жаткан адамдарга да, жадакалса сотко кысым көрсөтүп келишкен. Кысым көрсөтүү менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, кысым менен сотту адилетсиз чечим чыгартып алды. Бизге да ар кандай кысым көрсөтүлүп келет, бирок азырынча чыдап жатабыз. Бул абал боюнча президент Сооронбай Жээнбековдон ушул окуяны жеке көзөмөлгө алыңыз деп өтүнөт элек. Бул укук коргоо органдарынын өзүм билемдик, мыйзамсыз аракеттеринен сиз гана сактап, мыйзамдуулукту сиз гана орното аласыз", - дейт Асылкан Өнөрова.

Андан сырткары ал алардын жактоочуларына да кысым көрсөтүлүп, бат-баттан алмаштырууга аргасыз болушканын айтат.

"Биз Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминен кийин дагы жаңы жактоочу алууга мажбур болдук. Анткени ага чейин биздин мурунку 3 жактоочубузга айыпталуучулар тарабынан кысым көрсөтүлүп, алар өз милдеттерин толук аткара алышпай, бизди кызыкчылыгыбызды формалдуу түрдө гана коргоп калган болчу. Прокурор болсо, биздин эмес айыпталуучулардын кызыкчылыгын көздөп иштеп жатты", - дейт Асылкан Өнөрова.

Ошондой эле Асылкан Өнөрова УКМКнын кызматкерлери алар барганда эле Абдыкерим Гапаровдун жүрөгү кармап каза болгонун айтышканын, бирок алардын ал жерде 1 сааттан ашык болгону тууралуу далилдер бар экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын февраль айында "Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров 30 миң сом пара алып жатканда кармалып, ошол учурда анын жүрөгү кармап каза болгон" деп укук коргоо органдарынан билдиришкен. Ал эми маркумдун жакындары болсо, "аны күнөөсүз эле бир сааттан ашык убакыт күч колдонуп кыйнап, суракка алып, кыйноого чыдабай жүрөгү кармап каза болгон" деп, суракка алган УКМКнын кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышкан.

Кийин бул окуя боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Замир Суваналиевге “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Алмаз Мусаевге жана Чыңгыз Айманбаевге “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафирулло кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: