super.kg logo

Кара-Сууда өрүктүн ширесине ууланган балдардын бири чарчап калды

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда өрүктүн ширесине ууланган балдардын бири чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрүктүн ширесине ууланып оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан балдардын бири 17-февраль күнү чарчап калган.

"Учурда өрүктүн ширесине ууланган 13 адам дарыланып жатат. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө, алтоонун абалы канааттандырарлык. Ал эми жабыркагандардын ичинен 4 бала Ош шаардык жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатышат, бир баланын абалы оор, ал жандандыруу бөлүмүндө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, 12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында тургундар өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан. Уулангандар тамактанган М.К. аттуу тургундун үйүнөн тамактын калдыктары экспертизага алынган. Ошондой эле алардын үйүндөгү кышка даярдалган 45 банка ар кандай азык-түлүктөрдү экспертизанын жыйынтыгы толугу менен чыкмайынча колдонууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкушум десе жаткан жери жайлуу болсун, периште болуп учуп кеттин ата энесине сабыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: