super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн баш аламандыктарды иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Жалал-Абад облусунун Барпы айылында болуп өткөн баш аламандыктардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссиянын жетекчиси болуп вице-премьер-министр  Тайырбек Сарпашев, комиссиянын жетекчисинин орун басары болуп ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чоткараев дайындалды. Ошондой эле комиссиянын курамына экономика министри Темир Сариев, энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, өкмөттүн аппаратынын коргонуу, укук тартиби жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана башкалар кирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: