super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин дарыгерлерге дааратканага төрөп алдым деп өзү кайрылган"

 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин дааратканага төрөп алдым деп өзү билдирген. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"18-февралда саат 11:00дөр чамасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө ооруканалардын биринен билдирүү түшкөн. Анда бир келиндин дааратканага төрөп алгандыгы тууралуу айтылат. Аталган келин дарыгерлерге дааратканага төрөп алдым деп кабарлаган. Бул окуя боюнча дароо эле ыкчам топ түзүлүп, милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышып, текшерүүгө алышкан. Натыйжада дивандын алдынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесин табышкан. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, баласынын өлүмүнө шектелген келин ооруканада", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
19.02.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тобаа Аллахым жазалайт ушул аялды,почти күндө ушундай нерселер болуп жатат. Аллахым баарыбызга ыйман ынсап берсин. Таш боор энелер күндөн күнгө көбөйүп баратат.Аллах ар бир адамдын жүрөгүн мээримге толтура кор
19.02.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тобо чачын тик туратго!
Кайсы куноосу учун жаш наристелер кор болууда!??
Айбанда мындай ырайымсыз мамиле жасабайт балдарына!!!
Айланайын кыздар женил ойлуу болбогулачы!
Келечегинерди ойлогулачы!!!
Бул кылыгы менен темир тор артына кетти дагы бир келин!
дагы бир ымыркай туулбай жатып,учуп кетти аттин....
Бул баланы жасашкан эргул каякта экен????
Аны да тапкылачы сураныч?!
19.02.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колуңар эле сынсынчы,жаңы төрөлгөн наристе кандай гана ширин кандай гана жыттуу болот өпкүң эле келет анан кантип колуңар барат өлтүргөнгө.
19.02.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телевидениелерден газеталардан жарыя кылгылачы баласын бага албагандарга, багып алчулардын номерлерин бергиле, ошондо ушундай бейкуноо наристелердин олуму азаймак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: