Баскетбол боюнча Өлкө чемпиондугу: "Гиннес 29" командасы кайрадан алдыда

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 17-18-январда баскетбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку жана Биринчи Лигадагы чемпиондугунун 6-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баскетбол федерациясынын башкы катчысы Тимур Талканбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдын жаңы сезонунда алгачкы жолу 2 лигада мелдештер өтүүдө. Анда Жогорку Лигада 7 команда таймашса, Биринчи Лигада 13 команда күч сынашууда.
Жогорку Лигадагы командалардын тизмеси:
- "Гиннес 29"
- "Алга"
- КТУ "Манас"
- "Политехник"
- "Тулпар СКИФ"
- "Мой телефон"
- "Гризли"
Биринчи Лигадагы командалардын тизмеси:
- "Алга 2"
- "Тулпар СКИФ 2"
- "Политехник 2"
- "Цементник"
- "Тоо Таш"
- "Политех колледж"
- "Fire 29"
- "Токмок"
- "Кемин"
- "KG 312"
- КГЮА
- "Манас"
- "КСТУ колледж".
Жогорку Лигадагы 6-турдун жыйынтыгы:
"Тулпар СКИФ"-"Мой телефон" - 62:67
"Политехник"-"Гризли" - 97:71
"Гиннес 29"- КТУ "Манас"- 105:55
Биринчи Лигадагы 4-турдун жыйынтыгы:
"Манас"-"Цементник" - 98:61
"KG 312"-"Fire 29" - 68:83
"Тоо Таш"-"Политехник 2" - 53:78
"Тулпар СКИФ 2"-"КГЮА" - 74:60
