Казакстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты чек арадагы контрабанда боюнча кармалганын билдирди (видео)
Казакстандын Башкы прокуратурасы атайын жүргүзүлгөн ири операциянын чоо-жайын айтып, кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялашты.
Маалыматтарга таянсак, Казакстанда күч органдары чек аранын аймактарында контрабанда менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзүшкөн.
"Анын жүрүшүндө Казак-Кытай, Казак-Кыргыз жана Казак-Өзбек бажы постторунда товарлардын контрабандасынын туруктуу схемалары аныкталды. Товарлар Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына жеткирилип жаткан. Операцияда жалпысынан кармалган 35 адамдын арасында бажы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн уюшкан топтору, брокерлер бар", - деп айтылат видеодо.
Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, кармалгандарды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
кошулду
Казакстанда ЖК депутаты кармалган операциянын видеосу чыкты



Президенттен тарта депутат, министр, сотторуна чейин баары чекеден ууру-каракчы... Уят эле, мындай бийликке чыдап жашагыча, бул бийликти кочукко тээп кууп чыгуу керек.....
Ошол жакта соттолуп, камалып, жазасын алсын!!!
Булар элге айткан милдетин аткарбай жогорку кенеште отуруп алышып озулорунун кызыкчылыгы учун иштеп, бизнес кылышат!