super.kg logo
  Саясат  

Шыкмаматов: "Дамирбек Асылбек уулу күнөөлүү деп табылса, Минск конвенциясы боюнча жазаны Кыргыз өлкөсүнөн өтөсө болот"

 

"Дамирбек Асылбек уулу күнөөлүү деп табылса, Минск конвенциясы боюнча жазаны Кыргыз өлкөсүнөн өтөсө болот", - деп бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзам боюнча депутат башка мамлекетте кармалса, баш коргоо чарасын Кыргыз мамлекетинде караса болбойт. "Минск конвенциясы боюнча соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылса, жазаны өзүнүн мамлекетинде өтөсө болот. Бул маселени эки мамлекеттин башкы прокурорлору сүйлөшүп чечет. Ал эми тергөө маалында депутатты Кыргыз мамлекетине бербейт", - дейт Шыкмаматов.

Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде бир топ адамдар кармалган. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалгандардын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: