super.kg logo

Жанар Акаев: "Балдарга жөлөк пул төлөп бере албай Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү туура эмес"

 

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында мугалимдердин жана дарыгерлердин пенсиясын жогорулатуу боюнча сунушталган мыйзам долбоору каралды.

Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен кошумча 1 миллиард 140 миллион сом талап кылына турганын айтты.

Депутат Жанар Акаев өкмөт быйыл күздө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча каражат каралып жатканын сурады. Карымшаковдун айтымында, быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өлкө казынасынан 306 миллион 700 миң сом каралган.

Депутат учурдагы каржы тартыштыгын негиз кылып, ошол каражатты социалдык кызматкерлердин абалын жакшыртуу үчүн жумшоо натыйжалуу боло турганын айтты.

"Шайлоочулар менен жолукканда эле жөлөк пул, пенсия жөнүндө сөз болот. Мугалимдердин айлыгы, студенттердин стипендиясы боюнча сунуштар өкмөттөн колдоо таппайт. Акча жок дейт. Бул азыркы өкмөт башчынын жүргүзгөн саясаты. Дайыма акча жок дейт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөнү жатасыздар. Элибизди, жерибизди даңазалаган бул оюнду өткөрүүгө каршы эмеспиз. Бирок өкмөттө акча жок болуп, мугалимдерибиздин пенсиясын жогорулата албай, балдарыбыздын жөлөк пулун төлөй албай жатсак, кайыр сурап жүрүп ар эки жылда ошол оюнду өткөрүүнүн зарылдыгы барбы? Бул жагын өкмөт ойлонушу керек. Жок дегенде төрт жылда бир өткөрүү зарыл. Бул идеянын башында Түркия, Казакстан сыяктуу көчмөндөргө байланыштуу өлкөлөр эстафетаны бири-бирине берип өткөрмөк болгон. Биздин тышкы саясатыбыздын начардыгынан бир да мамлекет албай койду. Эми эки жыл сайын кайыр сурап отуруп өткөрөбүз деп жатабыз. Ошол акчанын баарын ушундай реалдуу иштерге, дарыгерлердин, мугалимдердин үй-жайына, айлыгына которсок болот эле. Кайыр сурап, насыя алып той өткөргөн туура эмес", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(26)
19.02.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ошо кочмондор оюунун кереги жок еле,мурун болгонун да бир далай мектептердин курулуштары токтоп калган...акчанын баарлыгын ошол жакка жумшалуп кеткен...
19.02.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Оюмдагы нерсени айтыпсыз го, элге кобуроок жакын депутат сиз эле окшойсуз
19.02.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Негизи ушул жылы Турктор откормок эмес беле не болушту алар
19.02.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Анчалык миллионду чапчыбай арзаныраак кылып өткөрүп турсаңар болот да 4жылда бир олимпиадагыдай кылып,карызга батып кеткенибиз аз келгенсип мунусу да карыз акчага болот турбайбы.Ошон үчүн айтат көрпөңө карап аягыңы узат деп.
19.02.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жөн эле ысырапчылык. Жанар мырза эң туура сунушту киргизипсиз.
19.02.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кредит алып свадьба откорсо тан калыштын деле кереги жок, мамлекет башчыларыбыз ушундай жолдо бара жатса, куру намыс менен, аташка балашкалар, жолунар эле болсун силердин...
19.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне кереги бар бизге көчмөндөр оюнун өткөрүштүн.Биз башка өлкөлөрдөй бай болбосок,мурдубузга карап бышкырсак жакшы болоор беле.Кана эстафета менен алмашып ар чет өлкө өткөрөт дешти эле,аларың өткөргүсү келбеди кымбат оюнду.Биздин чоңдор эптеп оюн өткөрүш үчүн ошол болүнгөн акчадан сугунуп жегиси келишет ичиңер тешилгирлер.Жана да Жанардын сөзүнө кошулам.
19.02.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жанар Мырза туура айтыпсыз
19.02.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Кечиресиз Жанар мырза бирок сындаганга аябай эле уста окшойсуз.эч бир кылган ишинизди коргон жокмун.эн эле оной жумуш бул сын тагуу.мен сизди мурда аябай сыйлайт болчумун.бирок азыр андай жакпайсыз.
19.02.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
NURTILEK_KG, сын такса да туурале сынтагып атат
Канча элдер кыйналып отурушат канчоосу оорукчан болуп жардамга муктаж ошондой иштерди аткарышса оздору деле женилдеп калмак чондорубуз
19.02.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
NURTILEK_KG,Бул иш кылгыдай сага министр беле же президент беле?Ошого окшогон ою жок иштерди окмот кабыл алып жатпайбы?А бул депутаттардын милдети,эл тарабын талашыш и элдин пайдасына тие турган мыйзам чыгарыш.
19.02.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
NURTILEK_KG,жакпаса туз жала Жанар аябай чыгаан мыкты уул кылган ишин так аткарат. Мечиттерди салыпле атат
19.02.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туура айтыптыр!!! Мугалимдер 7-8 мин сом маяна менен эптеп аран кун коткоруп жатса, балдарга жолок пул берилбей жатса, уялбайсынарбы кочмондор оюнун откоруудон?!! Кимге кереги бар бул ысырапкерчиликтин?!! Керекпи, оз чонтогунордон чыгарып откоргуло, казынадагы элдин акчасына тийишпей!!!
Too-tash түзөттү 2018-02-19 17:31:40
19.02.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Пособие тууралуу соз болгон сон бир фактыны айта кетейин...

Сузак районунун соц.защитасында иштеген Х аттуу адис (катын), пособие чыгарып беруу учун 2000 сомдон 5000 сомго чейин пара алууну онокот кылып алган. Же болбосо бир уй-булонун пособиесинин биринчи айдагы акчасын кармап калат "акысына". Ал акчаны бербегендер же аны менен айтышып калгандардын пособие алуу учун топтогон документтери айыл окмоттордо чан басып жата берет каралбай, якобы очередь жетпей жаткан имиш..
19.02.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Too-tash,бир эле х эмес соц.защитада иштеген баары эле алат менден деле алган эки балаңа пособия+сүйүнчү пул алат экенсин деп.
19.02.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу "А". аттуу айымча (Сузактын соц.защитасында иштеген), менден сага эскертуу, эгер элден пара алганынды койбой, наристелерге пособие бербей, элди кыйнасан, ишенген тоон ким болсо да онбойсун... Сенин сары изине тушуп ар бир былыктарынды факты менен санап чыгамын. Ошондо жумуштан гана кетпестен, бир канча жылдык омурун темир тордун ары жагында отоорунон кумон санабай эле кой...

....
Too-tash түзөттү 2018-02-19 17:33:54
19.02.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Too-tash,ушундайларды факт мн далилдеп элдик кабарга жиберсеңер жакшы болот эле бир азга болсо да азаймак.
19.02.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кечиресин сенин айтканын туура бирок айтканына кошула албайбыз көчмөндор оюну өтүш керек албетте бул улуттун элдин жүзү бүт дүйнө жүзүнө кыргыз деген улутту таанытуу керек и так ушул убакка чейин жаман көрүнүп келдик бөтөн элге
19.02.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогорку Кеңештеги кнопка баскыч депутаттарга караганда алда канча эл арасында аброю бар мырза ушул Жанар деген жигит, молодец, өсө турган жигит, анан дагы бир сунуш депутатка: Кыргызстан чет элден миллиондогон долларды алып республикалык маанидеги жолдорду салып атат, аа бирок ошол салынган жолдорду кайра эле 1-2 жылда грузовой чоң машинелер талкалап койуп атат, бул бензин ташыган 4-5 эле чиновниктин бизнеси талкалап атат!Весовой контрольго сөз жок баары ач түлкүлөр иштейт, уурдайт ичет, жейт.
19.02.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жанар журнаналист тили буудай кууруйт,колунан эч нерсе келбейт экен суйлоп суйлоп кала берет ,эшектин туягындагы жипти чечалбайт бул бала.
19.02.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baisogur,ак үйгө киргиче сүйлөшөт, кирген соң кайдан көрдүм кара ####кылышат.
19.02.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз менен будай кууругандар жыйырма отузга кыскарса ошондо жолок пул убагында берилет..соз ээсин табат
19.02.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу март болуп баратат болгонун болгондой ашкерелеп еле.калгандары олтурат унчукпай койгонубузгада кичине толошсо керек деген умут менен
19.02.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажап эле кылыпсын Жанарбай. Сендей балдар Алайда толло. Омурунуз узун болсун кудай колдосун жакшы сунуш жок дегенде 4жылда деле откорсо болот да
19.02.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулчодогу Шамшинин кызын да мурдунан куртун тушургулочу. Жаш келиндер тапкан ташканын апарып берет ээке. 2 айын умут деле кылышпайт экен чыгарганы 300сом 500сом пособие ошону таптоп ан машинаны ар турлуу кылып минет экен. Мен турмушка чыгып гана башка жакта бп атам барып калсам озум жожодуга эсенчилик бп турса
20.02.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдаганын 5эчки ышкырыгын таш жарат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: