super.kg logo

Экотехинспекция: "Чычкандагы сууга кулаган бензовоздон канча бензин сууга төгүлгөнү тууралуу так маалымат жок, бул окуя боюнча керектүү иш-аракеттер көрүлөт"

 

Чычкан капчыгайында жол кырсыгына кабылган бензовоздон канча бензин сууга төгүлгөнү тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Токтогул аймагы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын башчысы Бекмат Жоомартов билдирди.

"Биздеги болгон маалымат боюнча бүгүн, 19-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында бензовоз сууга кулап ичиндеги бензиндин бир бөлүгү сууга төгүлсө бир бөлүгү өрттөнүп кеткен. Азыр канча көлөмдөгү бензин сууга төгүлгөндүгү тууралуу так маалыматыбыз жок. Бул боюнча биздин мекеме тарабынан иликтөө иштери жүрөт. Анын алкагында бензин төгүлгөн суу текшерилип, канчалык зыян келгени аныкталат. Кийин келген чыгымды унаанын ээси төлөп берүүсү керек болот", - дейт Бекмат Жоомартов.

Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Чычкан капчыгайында бензовоз сууга кулап, анын алып бара жаткан бензини дарыяга төгүлүп калгандыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне чара кормок эле, жомок айтканжы токтоткулачы.... Ошол бензовоз акуйдо отурган бир жепжутарга караштуу болсо пысып эле калышат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: