super.kg logo
  Саясат  

Исхак Масалиев: "Конституциянын 2016-жылы жоюлган нормасын мыйзам менен киргизгени жатышат"

 

Өкмөт "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамын Конституцияга каршы келе турган жагдайда өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Жогорку Кеӊештин депутаты Исхак Масалиев билдирди. Депутат аталган мыйзамга каршы эмес экенин, бирок алгач Баш мыйзамды өзгөртүү керектигин айтат.

"2016-жылы Азимжан Аскаров боюнча Бириккен улуттар уюму Кыргыз тарапка кайрылуу жасаган. Ошондо Кыргыз бийлиги "биз өз маселебизди өзүбүз чечебиз" деп Конституциядагы 41-беренени өзгөрткөн. Сунушталган мыйзам долбоору Баш мыйзамдагы ошол жоюлган норманы кайтаруунун бир аргасы. Өкмөт эмне үчүн сунуштап жатат? Мисалы, тышкы иштер министри БУУга же башка уюмдарга барат. Ошондо алар "силер биздин сунуштан баш тарткансыӊар" дегендей мамиле жасашы мүмкүн. Менимче, жогорудагы мыйзам ушундай шарттан улам сунушталып жатат. Мен каршы эмесмин, бирок мыйзамдар Конституцияга каршы келбеши керек да. Ал үчүн биринчи Баш мыйзамды өзгөртүү керек болот", - дейт Масалиев.

Эскерте кетсек, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 15-февралда Жогорку Кеӊештен 3-окуудан өтпөй калды. Мыйзамды өкмөт, тагыраагы Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: