super.kg logo

Казакстанда депутат Дамирбек Асылбек уулу менен бирге кармалган эки Кыргыз жаранына айып тагылып, камакка алынды

 

Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен бирге кармалган эки Кыргыз жараны да эки айга тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечим Алматы шаардык соту тарабынан кабыл алынганын Казакстандын ЖМКлары жазууда.

Маалыматтарга караганда, Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу камалгандар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров. Аларга Казакстандын мыйзамдарына ылайык, "Экономикалык аткезчилик" жана "Улут аралык кылмыштуу тайпаны түзүү жана алардын үстүнөн жетекчилик кылууга аралашуу" беренелери боюнча айып тагылууда.

Белгилей кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарындагы чек ара аймактарында аткезчилик менен алектенген кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн атайын ири операция жүргүзүшүп, 35 адамды кармашкан. Алардын арасында 3 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы бүгүн, 19-февралда кармоо учурундагы видеону расмий сайтына жарыялашты. Жарыяланган видеодо: "Анын жүрүшүндө Казак-Кытай, Казак-Кыргыз жана Казак-Өзбек бажы постторунда товарлардын контрабандасынын туруктуу схемалары аныкталды. Товарлар Орусиянын жана Казакстандын ири шаарларына жеткирилип жаткан. Операцияда жалпысынан кармалган 35 адамдын арасында бажы, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ортомчулар, кылмыш дүйнөсүнүн уюшкан топтору, брокерлер бар", - деп айтылат.






Казакстанда ЖК депутаты кармалган операциянын видеосу чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.02.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сабыр кылуу керек эле...депутат болуп кыргыз элин шерменде кылбай... биздин мугалимдер, 6-7 мин сом айлыка жашап жатышат сабыр кылып. Булар акчага сатып алган мандаттарын актоо учун шерменде болушууда. Кыргызстандын ичинде болгондо дале акча берип чыгып кетмек. Казакстанда да кол тийбестигим бар деп ойлогон го бу шордуу спрртсмен
19.02.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
казактар эркек экен РП ДЖ ПК дебей ачык эле чыгарып коюптур
19.02.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 119 гузу калдыбы жеп жуттардан?
19.02.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Boika1986,дагы бирөөсү келетта ордуна,сугалактап ач бөрүдөй
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: