super.kg logo
  Спорт  

Орусиялык кёрлинг спортчулары допинг колдонгон деп шектелип текшерилип жатат

 

Пйоңчаңда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында орусиялык кёрлинг спорту боюнча коло медалга татыган оюнчулар Анастасия Брызгалова жана Александр Крушельницкий допинг колдонгон болушу мүмкүн деген маалыматтар тарады. Бул боюнча Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Марк Адамс чет элдик басылмаларга билдирген.

Александр Крушельницкий допинг колдонду деген жүйө менен текшерилгендигин Эл аралык олимпиада комитети Орусия делегациясына билдирген. Биринчи текшерүү анын допинг колдонбогондугун көрсөткөн. Ал эми экинчи жолку текшерүү дагы бир күндөн кийин болорун айтышкан.

Бирок кёрлинг спортчусу жана анын машыктыруучусу коюлган айыптарды четке кагууда. Машыктыруучу Дмитрий Мельников: "Допинг - колдонууга тыюу салынган каражаттын катарына киргенге чейин Крушельницкий аны колдонгон. Ага тыюу салынгандан кийин кёрлинг спортчусу ал каражатты колдонбой калган", - деген.

Белгилей кетсек, Орусиянын олимпиада комитети допингди чегинен ашыкча колдонгондуктан оюндардан четтетилген. Орусиянын спортчулары Пйоңчаңдагы Кышкы олимпиада оюндарына Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен барган. Чакырууну буга чейин кызытма колдонбогон спортчулар гана алышкан.

Азырынча орусиялык кёрлинг спортчусунун допинг колдонгону так аныктала элек. Экинчи текшерүүнүн жыйынтыгы күтүлүп жаткан кез. Ал эми Анастасия Брызгаловага текшерүү жүрө элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.02.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
БУл оюндун түрүнө допинг колдогондун эмне кереги бар,чарчап чоң күч колдоно турган деле спорт түрү эмес го, же мен түшүнбөймбү бул спортту
19.02.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ilgizk,туура айтасыз. Же башы кыйын иштете турган допинг окшойт. Ориентирлерди точна алып берген))
19.02.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкалыктар кылып атат спортто ушундай аралашканын токтотпосо спортун баркын кетире баштайт
19.02.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Текшерип бутту,колдонгону ачыкталды.Россия дагы оздорун жаман корсотуп алды.А допинг колдонгон спортчу:Мага бул мельдонийди олимпиадага чакырылбай калган шериктерим тамагыма кошуп койду деп актанууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: