super.kg logo

Эл ташып баратып видео көргөн маршруттун айдоочусу 200 сом айып төлөп, жумушунан бошотулду

 

Буга чейин интернетке Бишкектеги №204-маршруттук таксинин айдоочусу эл ташып баратып планшетинен видео көрүп жатканы боюнча видео тараган. Бүгүн, 19-февралда ал айдоочу табылып, жумушунан бошотулганын SUPER.KG'ге Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов кабарлады. Ошондой эле ал айдоочу бул аракети үчүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 200 сом айыпка жыгылганын айтты.

"Бул боюнча Шаардык транспорт башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүзүп чыгып, айдоочу Эсенбек Тиленчиевди иштен кетирүү боюнча "Восточный экспресс" ишканасынын жетекчисине тапшырма бергенбиз. Ишкана аны жумуштан бошотту. Ал эми бул аракети үчүн Тиленчиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 200 сом айыпка жыгылып, айыбын төлөдү", - деди Атыканов.

Бирок Атыканов айдоочу Тиленчиев кайра башка ишканага жумушка орношуп алышы мүмкүн экендигин айтты.

"Бизде эл ташууга кызмат көрсөткөн ишканалар көп болгондуктан, ал башка фирмага жумушка орношуп алышы мүмкүн. Бирок №204-маршруттук каттамда иштей албайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 14-февралда да SUPER.KG порталына окурман №220-маршруттук таксинин айдоочусу телефонуна алаксып бара жатып, башка унааны сүзүп ала жаздагандыгын билдирген. Ал Артур Токтосунов аттуу айдоочу экендиги аныкталып, мындан ары мындай кадамга барбай турганын убадалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.02.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
200 сом ото коп айып пул толоптур Кыргызстандын тышкы карызын жаба турган
19.02.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Elnura1997, мен дагы ошону айтайын дедим эле, 200 сом өтө эле көп сумма..
19.02.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
2000 десе коп дейсинер бекерчилер сын тагып отура бергиле
19.02.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ГАИшниктер каякты карап отурат?!! Интернетке видеосу тарап, факт на лицо турса, коргон чарасы болгону 200 сомдук штрафбы?!! Озу Кыргызстанда 200 сомдук штраф озу калбады эле го?!! Уят эле ГАИшниктерге, пара алып эл козуно 200 сом штраф жаздык деп ачыгын айтпайсынарбы?!!

Мындай жол кыймылын козомолдонон башкармалыкты жоюп салуу керек, профессесионалдуулуктун "п"сын билбеген, коррупцияга белчесинен баткан!!!

Ал эми тиги айдоочуга 3 жылга унаа айдоого тыю салуу керек!
Too-tash түзөттү 2018-02-19 22:27:07
19.02.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Too-tash, ошончолук кыйын болсон Гаиге кирип иштеда, (албетте чыдасан) апанын колтугунда отуруп алып телефондон сындай бербей. 200 сомдук штраф бар, билбесен ачып оку.
19.02.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш 200 сомду каяктан табат экен эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: