Бензовоз кулаган Чычкан суусунан суу алынып лабораторияга жиберилди
Бүгүн, 19-февралда Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы сууга “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу бензовоз кулап түшүп жарылып кеткен. Анын ичинде болжолдуу түрдө 28 тоннадан ашык Аи-92 үлгүсүндөгү бензин болгон. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, бензовоз кулаган жерден суу алынып лабораторияга жиберилди.
"Экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор тараптан акт түзүлүп, жыйынтыгында суу жээгинде өсүп турган 8 түп карагай, 25 түп кайың, 6 түп бадал өрттөнгөнү аныкталды. Азыркы учурда бензовоз кулаган жерден 1 чакырым жогору жактан 1,5 литр суу, ылдый тарабынан эки жерден 2 литр суунун үлгүсү алынып, лабораториялык анализге жиберилди", - деп билдиришти инспекциядан.
Маалым болгондой, өрттөнүп кеткен бензовоздун 1968-жылы туулган айдоочусу Мирлан Рыспаев жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.






1 |