Төрага Жумабеков Ысык-Көлдө ооруп, баспай калган эки бир тууганды медициналык кароодон өтүү үчүн Бишкекке чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү иш сапарынын алкагында 19-февралда Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Мээрим Султанбек кызынын үйүнө барып, анын абалы менен таанышты. Мээрим Султанбек кызы төрт баланын энеси. Он беш жаштагы уулу Изат менен он үч жаштагы уулу Кубанычбек оорунун айынан баспай калышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бир туугандар өздөрү басып, мектепте окууну кыялданганы менен, каржы жетишсиздигинин айынан дарылана албай келишет. Үй-бүлө жакыр турмушта, ижарага алынган кичинекей батирде турат. Алардын үйү жок. Төрага Дастанбек Жумабеков Мээрим Султанбек кызынын үйүнө барып, 50 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөттү. Ал эми балдарына планшет жана оюнчуктарды белекке берди. Ошондой эле төрага жер тилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылды. Андан сырткары Изат менен Кубанычты медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырды", - деп билдиришти Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан.





1 |