Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы вариантын бекитти
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасындагы казак алфавитинин жаңы вариантын бекитти. Ага ылайык Казак президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Казак алфавитин кириллицадан латын графикасына өткөрүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.
Буга чейин жарыяланган алфавиттин долбооруна ылайык, 23 латын тамгасы колдонулуп, дагы 9 тыбышты бериш үчүн A' G', I', N', O', S', C', U', Y' тамгалары апостроф менен берилген.
Жаңы вариантка ылайык, апострофтор алынып, штрихтер пайда болгон. Ошондой эле Sh, Ch диграфы кошулган.
Айта кетсек, 2022-жылдан баштап Казакстандагы мектептерде биринчи класстын окуучулары латын графикасы менен окуп башташат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
1

Бул тек гана ысырапкерчилик!!! Озбектер латынчага отуп муйуз чыктыбы?!!