super.kg logo

Юстиция министри депутаттын биометрикалык маалыматтын базасы боюнча берилген суроосуна жооп бере алган жок

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында юстиция министри Уран Ахметов депутат Алтынай Өмүрбекованын биометрикалык маалыматтын базасын коргой албагандар үчүн кандай жоопкерчилик каралган деген суроосуна жооп бере алган жок.

“Биометрикалык маалыматтардын базасын кармоого кайсы орган жооптуу? Базаны коргой албаса кандай жоопкерчилик каралган?” - деп эл өкүлү суроо берди.

Юстиция министри: “Бул маселе боюнча даяр эмесмин. Маалыматым жок”, - деди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева биометрикалык маалыматтарды сактоо УКМК менен аталган кызмат биргеликте жумуш алып бара турганын айтты. Ал эми кандай жоопкерчилик каралганы боюнча жооп бере алган жок.

Алтынай Өмүрбекова юстиция министри комитеттин жыйынына даярданбай келгенине нааразы болду. “Юстиция министрине бир нече жолу эскертүү бергенбиз. Дагы эле комитеттин жыйынына даярданбай келип жатат. Шайлоо убагына “Самара.кг” деген сайт боюнча ызы-чуу болгон. Ошонун изилдөөсү эмне менен бүттү? Жыйынтык болдубу? Ушул суроолорду берейин десем даяр эмес экенсиңер. Бүгүнкү күнү шайлоочулар биометрикалык каттоодон өтпөй, шайлоого барбай жатышат. Базаны коргой албагандар жоопкерчиликке тартылат деген маалыматтары болсо жарандар биометрикалык каттоодон өтмөк да. Силер өзүңөр кандай жоопкерчилик каралганын билбей жатасыңар”, - деди Алтынай Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: