super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту

 

11-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Анкарада өткөн ТүркПАнын кезектеги жыйынынын алкагында Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту. Жээнбеков түрк тарапка ТүркПАнын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президентинин ага жолдогон салам-дубасын айтты. Жолугушууда мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүүдөгү жана андан ары өнүктүрүүдөгү парламенттик дипломатиянын маанисин баса белгиледи. Абдулла Гүл ТүркПАнын ийгиликтүү өнүгүшүн жана ага катышуучу өлкөлөрдүн парламенттеринин алакаларынын арта беришин каалай тургандыгын айтты. Асылбек Жээнбеков ТүркПАга төрагалык кылуу милдетинин түрк тарапка өтүшү менен куттуктап, Түркиянын төрагалыгы астында катышуучу-өлкөлөрдүн бул уюмдун алкагында жакындашуусу жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним артарын билдирди. Эске салсак, төрага А.Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Анкара шаарына ТүркПАнын кезектеги жыйынына катышуу үчүн барган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: