super.kg logo

"Трансформация" кыймылынын жетекчиси: "Бийлик өкүлдөрү мен тууралуу атайын "кара пиар" уюштурушту"

 

"Бийлик өкүлдөрү "кара пиар" менен алектенгенче, карапайым элдин көйгөйүн чечип берсин", - дейт "Трансформация" кыймылынын башчысы Бекназар Айталиев. Мындай пикирин ал бүгүн, 20-февралда маалымат жыйынында билдирди.

Кыймыл башчысынын айтымында, азыркы тапта интернеттеги YouTube каналында "bulbul.kg" баракчасында жана "Ала-Тоо 24" телеканалында ал тууралуу такталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды камтыган материал эфирге берилген.

"Мен жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды интернет баракчаларынан жана телеканалдардан көрүү мен үчүн өтө чоң жаңылык болду. Бул ишти жерлерди трансформациялоого каршы болуп жаткан "жогору" жактагы бирөөнүн буйругу катары кабыл алдым. Бийлик өкүлдөрү "кара пиар" менен алектенип менин аброюма шек келтиргиче, карапайым элдин көйгөйүн чечип берсин", - дейт Айталиев.

Ошондой эле маалымат жыйынына катышып жаткан жарандык активисттер жана коомдук бирикмелердин жетекчилери бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Бишкектеги жаңы конуштардагы жер жана инфраструктура маселелерин чечип берүүсүн өтүнүштү.

Айта кетсек, буга чейин аталган кыймылдын мүчөлөрү Ак Үйдүн алдында бир нече жолу жерлерди трансформациялоо талабы менен митингге чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: