super.kg logo

Апасы менен жолдон өтүп бара жаткан секелек кызды унаа сүзүп кеткени тартылган видеонун чоо-жайы иликтенүүдө

 

Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде секелек кызды унаа сүзүп кеткени тартылган видеонун чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-февраль күнү SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ооруканаларга аталган жол кырсыгынан улам кайрылгандар болгон эмес. Мындай кабарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы да тастыктап, Бишкекте мындай жагдайда балдар шаардагы №3-ооруканага жеткириле тургандыгын, бирок аталган мекемеден жол кырсыгынан жабыркап келгендер болбогондугун айтышканын маалымдады.

"Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы менен өтүп бара жаткан секелек кыздын унаа кырсыгына кабылган видеосу интернетке тарады. Бирок ал жол кырсыгы чынында интернеттеги маалыматка дал келеби белгисиз. Анткени жабырлануучу тарап эч бир тийиштүү мекемеге арыз менен кайрылбаптыр. Учурда бул факты боюнча тактоо иштери жүрүп жатат", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, кечээ, 19-февралда Бишкек шаарынын Иса Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде апасы менен бара жаткан секелек кызды унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымдалган. Анда апасынын колунан кармап жолдон өтүп бара жаткан кызды унаа ыргыта сүзүп кеткени белгиленген.






Жетелеп бараткан кызын сүзүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.02.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыз жашап жатабы? :((( ооба дегилечии
20.02.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш озуно келе албай отурат го арыз жазбаганына караганда
20.02.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба алардын артынан отуп бараткан адамды карасанар,ошончо да кайдыгер болбосо?! Апасын тургузуп кызга чуркабай. Кудай сактасын,жаман окуя
20.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашкайган чындык корунуп турса дагы бул органдагылар не сокурбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: